Ссылки доступа

Астанада бүтпөй калган курулуштар үчүн жардам сурашууда


Астанада курулуп бүтпөй калган көп кабаттуу турак-жайлардын үлүшкерлери өкмөттөн жардам сурашууда. Жолугушууга акимчиликтин, прокуратуранын жана шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгынын өкүлдөрү, ошондой эле 29 көйгөйлүү турак жай үчүн каражат жумшаган 40тай адам катышты.

Үлүшкерлердин айтымында, шаарда 2005-2006-жылдар аралыгында пайдубалы түптөлгөн, бирок бүтпөй калган 58 имарат бар. Жергиликтүү бийликтин бул маселени чечүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Шаардык администрация болгону укуктук жардам бере аларын билдирүүдө.

Үлүшкерлер премьер-министр Бакытжан Сагинтаев менен президент Нурсултан Назарбаевден жардам күтүшүүдө. Алар турак-жайларды бүткөрүү үчүн өкмөттөн каржылык жардам көрсөтүүнү өтүнүшүүдө.

Астанада сот 28-ноябрда үлүшкерлердин каражаттарын уурдап алууга айыпталгандарга карата өкүм чыгарды. Тогуз киши ири өлчөмдөгү акча кымырууга күнөөлөнүп, үч жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылды. Бирок бул үлүшкерлердин маселесин чечкен жок.

XS
SM
MD
LG