Ссылки доступа

Европа Батыш базарларына чыгуу үчүн Латвия портторун колдонуу ниетинде


Өзбекстан Европа базарларына чыгуу үчүн Латвия портторунун мүмкүнчүлүктөрүнө кызыгарын билдирди. Бул тууралуу Риганын эркин порт башкармалыгынын төрагасы Андрикс Америкс Өзбекстан Сенатыны төрагасы Нигматилла Юлдашев менен жолугушуунун жыйынтыгында билдирди.

Америкс транзиттик жүк ташуу багытында Өзбекстан Латвиянын жигердүү өнөктөшүү болорунан үмүт артты. Анын билдиришинче, учурда Риганын портуна Өзбекстандан пахта келет, Ригадан Өзбекстанга болсо контейнер жүктөрү жөнөтүлөт.

Маалыматтарга караганда, Латвиянын порттору аркылуу Европа өлкөлөрүнөн Өзбекстанга жүк ташуунун көлөмү өсүүдө. Негизинен өнөр жай ишканалдары үчүн техникалар, өндүрүш жабдуулары басымдуулук кылат.

XS
SM
MD
LG