Ссылки доступа

Түркия Кыргызстанга "Себаттын" ордуна "Маарифти" сунуштоодо


Түркия Кыргызстанга мамлекеттик "Маариф" билим берүү фонду менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн кароону сунуштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым жолугушкан учурда айтылды.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Турсунбеков менен Йылдырымдын Стамбулдагы жолугушуусунда эки өлкө ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү талкууланды. Анда Йылдырым билим берүү тармагындагы кызматташтыкка токтолуп, мурдагы "Себат" билим берүү мекемелеринин тегерегиндеги маселелер эки өлкөнүн мамилелерине өз таасирин тийгизгенин билдирди. Анда түрк өкмөт башчысы Кыргызстандын билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган жаңы форматтагы кызматташууну сунуштап, бул жаатта мамлекеттик "Маариф" билим берүү фондунун мүмкүнчүлүктөрүнөн кеп салган. Чыныбай Турсунбеков Түркияга Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Исмаил Кахрамандын чакыруусу менен барган.

Түркиянын бийлиги былтыр жайында ишке ашпай калган аскердик төңкөрүштү уюштуруунун артында АКШда жашап жаткан Фетхуллах Гүлен турганын жарыялаган.

Кыргызстанда Гүлендин кыймылынын жолдоочулары түздү делген окуу жайлар, маданий жана кайрымдуулук жаатында иш алып барган уюмдар бар. Алардын эң ириси “Себат” эл аралык билим берүү мекемеси апрелде "Сапат" болуп өзгөртүлгөн. Түркия бийлиги “гүленчилерге” тиешеси бар окуу жайларды жабуу маселесин көтөргөн.

XS
SM
MD
LG