Ссылки доступа

УКМК: Террордук чабуул даярдап жаткан адам кармалды


Кыргызстанда террордук акт уюштурууга камданып жаткан адам кармалды, ал кыргыз жараны. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук комитетинен кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, 6-июнда террордук акция өткөрүүнү көздөп жаткан эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалган.

«Ал мина жардырууну үйрөнүп, жанкечти катары атайын идеологиялык даярдыктан өтүп келген. Ошондой эле башчыларынын буйругун күтүп, эл көп чогулган учурда өзүн өзү жардырууга камданып, колго жасалган жардыруучу түзүмдү даярдап жаткан», - деп айтылат билдирүүдө.

Кармалган адамдын жашаган жеринен колго жасалган жардыруучу түзүмдүн тетиктери, нускамалары, аудио-видео материалдар жана экстремисттик мүнөздөгү китептер, гранаталар, ар кандай калибрдеги ок-дары табылганы да кабарланды.

Кылмыш иш козголуп, шектүү жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 20 уюм террордук деп табылып, алардын ишмердүүлүгүнө сот тарабынан тыюу салынган. УКМКнын акыркы маалыматы боюнча учурда Сирия менен Ирактын аймагында 600гө жакын кыргызстандык жүрөт.

XS
SM
MD
LG