Ссылки доступа

Киевдеги АКШ элчилигинин айланасында жардыруу болду


Украина бийлиги Киевдеги АКШ элчилигинин айланасында жардыруу болгонун кабарлады, жоготуулар жок.

Киев полициясынын билдиришинче, жардыруу 8-июнга караган түнү Шевченко районунда жайгашкан элчиликтин имаратынын жанында болгон.

Белгисиз киши дипломатиялык өкүлчүлүктүн аймагына жардыруучу зат ыргыткан. "Террордук акт" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Жардыруудан элчиликтин имараты анчалык зыян тарткан жок. Дипломатиялык өкүлчүлүк бул окуя тууралуу комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG