Ссылки доступа

УКМК "согушкердин" видеокайрылуусун териштирүүдө


Кыргызстандын атайын кызматы бетин чүмкөп, согушкердей кийинген жарандын видеого тартылган кайрылуусун териштире баштады. Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат катчысы Рахат Сулайманов атайын кызмат бул тууралуу кабардар экенин, маалымат териштирилип жатканын билдирди.

Бүгүн интернеттеги социалдык түйүндөрдө кара көз айнек тагынып, бетин чүмкөгөн адам колуна автомат кармап, энесинен кечирим сурап кайрылган видеосу тарап, кызуу талкууга алынып жатат. Видеодон арткы фондо атышуу, жардыруунун үнүн угууга болот.

Кайрылган жаран кыргызча сүйлөп "Апа, мен тирүү калбайм окшойт. Кечирип коюңуз. Мен бул жерге келип туура эмес кылыптырмын. Булар күнөөсүз балдарды өлтүрүп, аялдарды зордукташат экен" деп айтууда.

Видео качан, кайсы жерде тартылганы белгисиз. Айрым интернет колдонуучулар ал адамды "мыкты ойногон артист экен" деп да мүнөздөп жатат.

УКМКнын маалыматына караганда, Сириядагы согушка катышканы кеткен кыргызстандыктардын саны 600гө жакын.

XS
SM
MD
LG