Ссылки доступа

Өзбек бийлиги абактан чыккан банкирдин ишкерлик менен алектенүүсүнө көмөктөшөт


Өзбекстанда алгачкы жеке банктын түптөөчүсү, абактан жаңы чыккан Рустам Усманов ишкерлик менен алектенерин билдирди.

19 жыл түрмөдө жаткан Рустам Усманов 2017-жылы 14-февралда азаттык алган. Ал өлкө башчысы Шавкат Мирзиёевге жазган катында өзүн президент аппаратынын кызматкери катары тааныштырган Дильшод Исмаилов аттуу киши андан 60 миллион АКШ доллар талап кылганын билдирген.

Рустам Усманов прокуратура кызматкерлери менен сүйлөшкөнүн жана алар ага жардам берүүнү убадалаганын кабарлады. Ал 400-500 кишини иш менен камсыздоочу бизнес-планды түзүүгө киришкенин айтты.

1948-жылы Жалал-Абадда туулган Рустам Усманов жеке ишкерликке 1980-жылдардын соңунда, кайра куруу доорунда эле багыт алып, алгачкы капиталды жер семиртүүчү кызыл курттардын Борбор Азиянын климатына ыңгайлашкан жаңы түрүн өстүрүү жолу менен жыйнаган.

Түбү кыргызстандык ишкер 1992-жылы Өзбекстандагы алгачкы жеке менчик банк - “Рустамбанкты” ачкан.

1998-жылы Усманов көз боёмочулук жана мыйзамсыз чет өлкөлүк валюталарды алуу-сатууга айыпталып, 14 жылга эркинен ажыратылган.

Эркиндикке чыгарына бир нече күн калганда абактагы ички тартипти бузууга айыпталып, жаза мөөнөтү дагы беш жылга узартылган.

XS
SM
MD
LG