Ссылки доступа

Тажик эксперти интернет колдонуучуларынын 80% терроризм пропагандасына кабыларын төгүндөдү


“Интернет саясатынын жарандык демилгеси” фондунун башчысы Мухамадди Ибодуллоев социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын 80% террордук чабуул тууралуу маалыматтарга жана пропагандага кабылышат деген депутаттын билдирүүсү туура эмес экенин айтты.

Анын пикиринде, Тажикстанда интернет колдонуучулардын 5% террордук жана экстремисттик мүнөздөгү маалыматтарды алышы мүмкүн.

7-июнда Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасынын депутаты Журахон Мажидзода “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму Тажикстан жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндөгү жарандарга күн сайын азгыруучу 90 миң SMS-билдирүү жөнөтөрүн жарыялаган. Ал 3 миллион интернет колдонуучунун 80% террордук мүнөздөгү маалыматтарды алышарын баса белгилеген.

Буга чейин тажик бийлиги жарандар интернет аркылуу азгырылып жатканын маалымдаган. Фонддун жетекчисинин пикиринде, түшүнбөстүк ушундан келип чыккан. "Стратегиялык изилдөөлөр борборунун маалымат жыйынына мен эки сапар катыштым. Анда ИМге кошулган жаштардын 80% азгыруучулардын торуна илинишкенин, алар интернет аркылуу дагы үгүттөшөрү айтылган" - деди Ибодуллоев

XS
SM
MD
LG