Ссылки доступа

Мирзиёев Атамбаевди Өзбекстанга чакырды


Президент Алмазбек Атамбаев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын жыйынында Өзбекстан башчысы Шавкат Мирзиёев менен жолукту. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Өзбекстан президенти Атамбаевдин Самаркандга болгон сапарынан кийин жолугушуп туруу жакшы салтка айланганын белгиледи. «Бүгүнкү жолугушуубуз эки тараптуу мамилелер бардык тармактарда жигердүү өнүгүп жаткандыгын ырастап турат. Товар жүгүртүүнүн көлөмү кыйла өстү, эки өлкөнүн чек арасы канатташ облустарынын ортосунда байланыштар тереңдеп жатат. Кайсы жерде жолугушпайлы, алдыга жылыш үчүн биз бардык күч аракетти жумшап жатабыз», - деди ал.

Шавкат Мирзиеёв Алмазбек Атамбаевди Өзбекстанга расмий сапары менен келип кетүүгө чакырып, эки өлкөнүн алдыга жылууга жакшы негиздери бар экенин айтты. «Эгерде биз ишкерлер коомчулугун бириктирсек, чындыгында жакшы ийгиликтер жаралат. Эң негизгиси биздин ортодо чек ара болбошу үчүн бардык аракетти жасашыбыз керек, биздин чек араларыбыз ачык болууга тийиш», - деди Өзбекстан президенти.

Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев чакыруу үчүн ыраазычылыгын айтып, кыргыз-өзбек мамилелеринин бардык багыттарында ишти илгерилетүүгө даярдыгын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында президенттер тиешелүү мекемелерге ортодогу чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча келишим долбоорун макулдашууну даярдоо ишин тездетүү тапшырмасын беришти.

XS
SM
MD
LG