Путин неберелериңизди жакшы көрөсүзбү деген суроого «ооба» деп жооп берип, бирок алар менен ойноого убактысы жетишсиз экенин айтты. Стоун Путиндин канча небереси бардыгы жана алардын кайсы кызынын баласы экендиги жөнүндө сураган жок.
Журналисттердин иликтөөлөрүнө караганда, президенттин кыздарынын кичүүсү - Катерина Тихонова Москва мамлекеттик университетинин технологиялык өрөөнүнүн жетекчиси жана акробатикалык рок-н-ролл менен алектенген белгилүү спортчу. Ал «Россия» банкынын акционери жана Путиндин эски досу деп айтылып жүргөн Николай Шамаловдун уулу Кирилл Шамаловго турмушка чыккан. Reuters жубайлардын жалпы байлыгын 2 млрд долларга баалоодо – анын негизги бөлүгүн «Сибур» компаниясынын Кирилл Шамаловго таандык 21% түзөт.
Улуу кызы Мария тууралуу маалыматтар аз. Reuters агенттигинин билдирүүсү боюнча, ал биомедицина менен алектенип, Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Эндокринологиялык илимий борбордо иштейт. ММКлардагы маалыматтарга караганда, Мария Путина «Газпромбанк-инвест» жана «Стройтрансгаз» ишканаларында иштеген голландиялык ишкер Йоррит Йоост Фаассенге турмушка чыккан.
Путин 2012-жылы неберелери тууралуу узатылган суроого «ал жөнүндө өлкөнүн билиши керек эмес экенин» айтса, 2014-жылы ноябрда ТАСС агенттигине берген маегинде кыздарынын Москвада жашай турганын гана айткан.