Ссылки доступа

«Фергана.ру» Улугбек Бабакулов менен иштешүүнү убактылуу токтотту


Фергана.ру сайты Кыргызстандагы кабарчысы Улугбек Бабакулов менен иштешүүнү убактылуу токтотту. Бул тууралуу агенттиктин 11-июнда жарыяланган билдирүүсүндө айтылат.

- Улугбек Бабакуловго козголгон кылмыш ишти тергөө аяктаганга чейин бул журналист менен кызматташууну токтотобуз. Башкалар журналист биздин сайтты аянтча катары пайдаланып, өз кызыкчылыгына колдонуп жатат деген ойдо калбашы, сотко басым көргөзүү катары кабыл алынбашы үчүн ушундай кадамга бардык, - деп белгиленет билдирүүдө.

Агенттиктин жетекчиси Даниил Кислов сайттын Кыргызстанда тосмолонушун жана журналистке кылмыш ишинин козголушун кыргыз бийлиги тарабын басылмага каршы бут тосуу катары сыпаттады.

Анын айтымында, Бишкектин Октябрь райондук соту Фергана.ру сайтын тосмолоо боюнча 9-июнда чечим кабыл алган. Учурда сайт айрым мобилдик телефондордо иштеп жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Бабакуловго кылмыш иши козголгонун бышыктап, анын макаласы этностор аралык кастыкты козутууга жана улут аралык карым-катнашты курчутууга багытталганы аныкталганын билдирген. Иш Кылмыш кодексинин 299-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Улут, раса, дин жана аймак аралык кастыкты козутуу) негизинде козголгон.

XS
SM
MD
LG