Ссылки доступа

Журналист Улугбек Бабакулов Кыргызстандан чыгып кетти


Журналист Улугбек Бабакулов жеке коопсуздугуна байланыштуу Кыргызстандан чыгып кеткенин 12-июнда Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал өзүнө кылмыш иши козголордон бир күн мурун өлкөдөн кеткенин белгилейт. Бирок кай жакта экенин ачык айткан эмес. Журналист өзүнө каршы кылмыш иши атайын жасалган деп эсептеп, изин жашырууга мажбур болгонун билдирди.

Этностор аралык кастыкты козуткан деп айыпталып жаткан журналист Улукбек Бабакулов Кыргызстандан чыгып кеткени тууралуу маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети да бышыктады. Атайын кызматтын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов "Азаттык" радиосуна буларды билдирди:

- Улугбек Бабакуловдун өлкөдөн чыгып кеткени анык. УКМК анын кайда экенин тактоо боюнча ыкчам иш-чараларды жүргүзүп жатат. Тергөө иштери уланууда.

Бабакуловго өткөн аптада УКМК кылмыш ишин козгогон. Ал Фергана.ру сайтына жазган макаласында улуттар аралык кастыкты козуткан деп шектелүүдө. Андан мурдараак агенттик жетекчилиги Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен Фергана.ру сайты Кыргызстандын аймагында тосмолонгонун кабарлаган. Учурда аталган сайттын мобилдик түрү иштеп жатат.

Фергана.ру жетекчиси Даниил Кислов 11-июнда билдирүү таратып, Кыргызстандагы кабарчысы Улугбек Бабакулов менен иштешүүнү убактылуу токтотконун жарыялаган. Бул чечим тергөөнүн бейтарап жүргүзүлүүсүн камсыздоо максатында кабыл алынганы айтылган. Улугбек Бабакулов бул тууралуу Фейсбукка жазып, мындай сунушту жетекчиликке өзү демилгелегенин билдирди.

Агенттик жетекчилиги сайттын жабылышын жана журналистке кылмыш ишинин козголушун алардын ишмердигине бут тосуу жана каралоо деп сыпаттап жатат.

XS
SM
MD
LG