Ссылки доступа

Тажикстанда майыптарды алдап кеткен кишилер соттолууда


Дүйшөмбүдө сот өзүлөрүн кайрымдуулук уюмдун кызматкерлери катары тааныштырып, 35 майыптын ишенимине кирип жүз миңдеген сомони өөнөп алган кишилерди эркинен ажыратты.

Соттун чечими менен Саёхат Созибназарова, Махмудджон Носиров жана Билолиддин Мудинов көз боёмочулук беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 9 жылдан 10 жылга чейин кесилишти. Айыпталуучулар соттун өкүмүнө макул эместиктерин жана жогорку инстанцияга кайрылышарын билдиришти.

Алар майып жарандардын ар бирине “жардам” иретинде алгач 3 литр май жана 50 сомониден беришкен. Андан соң алардан 200 миңден ашык сомони алышып, батир, майыптар үчүн унаа жана санаторийлерге жолдомо берүүнү убадалашкан.

ИИМ кабарлагандай, Нурабад районунда эле алдамчылардын тузагына илинип, өз колдору менен 50 миң сомони берген 13 киши бар. Кармалгандар өзүлөрүн “Майыптарга жардам” кайрымдуулук уюмунун кызматкерлери катары тааныштырышкан. Алардын жасалма мөөрлөрү болгон.

XS
SM
MD
LG