Ссылки доступа

Астанадагы украин элчилиги «Крымсыз картага» байланыштуу казак ТИМине нота жөнөттү


Украинанын Казакстандагы элчилиги Астананын борборундагы экспозицияларда Украина картасынын Крымсыз көрсөтүлүшүнө байланыштуу казак Тышкы иштер министрлигинин реакциясын күтүп жатканын билдирди.

Украина элчилигинин Facebook социалдык түйүнүндөгү билдирүүсүнө ылайык, Астананын борборуна коюлган адам сөлөкөттөрү жана алардын колдорундагы глобустарда Орусиянын картасы Крым менен, ал эми Украинаныкы жарым аралсыз көрсөтүлгөн.

Билдирүүдө украин тарап Казакстан ТИМинен түшүндүрмөнү талап кылат. Астананын Нуржол саябанындагы экспозиция картасында Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана мамлекеттик көз карандысыздыгын бузуу белгилери бар. Украинанын Астанадагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Ирина Блащук буга байланыштуу 12-июнда Казакстан ТИМине нааразылык нотасы жөнөтүлгөнүн айтты.

Казакстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Мухтар Тлеуберди окуяны саясатташтырбоого чакырды. «Ооба, инсталляция болгон, бирок ал кайсыл бир чыгармачыл жамааттын эмгеги. Демек мында эч кандай саясий ой болгон эмес. Сүрөтчүлөр саясий жагын карабастан чыгармачылык менен мамиле кылган көрүнөт», — деди ал. Айтымында, эмгектин авторлорубуз деген адамдар күнөөнү мойундарына алышып, Украинанын элчилигине «кечирим сурап расмий кайрылуу» жолдошту.

Украина элчилигинин басма сөз катчысы Ирина Блащук 13-июнь эртең менен карталардын кайрадан тартылып калганын айтты. Орусиянын глобусунда картанын ордуна Василий Блаженныйдын чиркөөсү, Украинаныкында асман, талаа жана өлкөнүн улуттук герби түшүрүлгөнүн билдирди.

XS
SM
MD
LG