Ссылки доступа

Бозгундагы тажик полковнигинин уулу жалданмачылыкка айыпталууда


Тажикстан ИИМинин Өзгөчө даярдыктагы мобилдүү бөлүгүнүн мурдагы командири жана “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жетекчилеринин бири Гулмурод Халимовдун уулу Бехруз Гулмуроддун иши сотко жөнөтүлдү.

Тажикстандын укук коргоо органдарындагы булактын маалыматы боюнча Бехруз Гулмурод "кылмыш жасоо аракетине" жана "жалданмачылыкка" айыпталууда. Ал өздөрүн Гулмурод Халимовдун досторубуз деп атаган адамдар менен байланышта болуп, алардын жардамы менен Сириядагы атасына барууну көздөгөнү кабарланууда.

Бехруз Гулмурод сурак маалында атасы менен телефон аркылуу бир дагы жолу сүйлөшпөгөнүн, ал тууралуу маалыматтарды өздөрүн "Гулмурад Халимовдун достору" деп атаган адамдардан алып турганын айтты. Бехруз апрелде ата-энесинин айылдагы үйүндө кармалган. Маалыматтарга караганда, колго түшүрүү маалында анын жанында Москвага баруу үчүн алган авиабилети болгон.

Бехруздун эжеси инисинин Сирияга атасына кетүүгө камынгандыгы тууралуу билдирүүлөрдү "ойдон чыгарылган" деп атады. “Бул маалыматтар туура эмес. Иним мектепти аяктагандан кийин базарда иштеген. Атасынын жок экенин сездирбөөгө аракет кылып тапкан акчасынын бардыгын бизге алып келчү", - деди ал.

Полковник Гулмурод Халимов 2015-жылы апрелде дайынсыз жоголуп, майдын аягында Сирияда экенин билдирген. Видеокайрылуусунда ал тажик ИИМи анын диний эркиндигин чектеп, намаз окууга уруксат бербегендиктен улам "Ислам мамлекетине" кошулуп кеткенин айткан. Халимов тажик бийлиги тарабынан мекенге чыккынчылык кылууга айыпталууда.

XS
SM
MD
LG