Ссылки доступа

Ошто кыргыз-өзбек достугун даңазалаган концерт өттү


Ош шаарындагы Амир-Темур (Он-Адыр) конушунда кыргызстандык жана өзбекстандык артисттердин катышуусунда Достук концерти өттү.

Бүгүн Шевченко атындагы мектептин короосунда болгон маданий иш-чараны жергиликтүү ишкер Дилмурад Ишанов шаардык кеңештин жана мэриянын колдоосунда уюштурган.

Ишановдун демилгеси менен Ташкенттеги Мукими музыкалык-театрынын артисттери 7-июнда Ошко бир апталык гастролго келишкен. Алар облус аймагында "Жайдары келин" спектаклин акысыз тартуулап жатышат.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда сууп кеткен маданий алакалар 2016-жылдын күзүнөн кайра жандана баштады.

XS
SM
MD
LG