Ссылки доступа

Наманганда дарыгерлерди айыл чарба жумуштарына мажбурлашууда


Наманган облусунун Тураккурган районунда дарыгерлерди жана медайымдарды айыл чарба жана көрктөндүрүү жумуштарын аткарууга мажбурлашууда. Дарыгерлер медицина кызматкерлерин кошумча жумуштарга тартуу - Каримовдун тушуна караганда күчөгөнүн айтышууда.

Медиктердин маалыматы боюнча, алар бир ай бою пахтаны отоо, түптөө иштерине катышышкан. “Жекшембиде бизди көчөлөрдү тазалоого жөнөтүштү. Ал гана эмес түнкү нөөмөт учурунда дагы пахтаны отоо же көчөлөрдү тазалоо иштерине мажбурлашат. Биз талаада иштебей, элди дарылашыбыз керек!”,-деп айтылат медициналык кызматкерлердин жамааттык катында.

Медайымдардын бири башкы дарыгер айыл чарба же тазалоо иштерине катышуудан баш тарткан кызматкерлерди иштен алам деп коркутканын билдирди.

Тураккурган медициналык мекемесинин башкы дарыгери Икболжон Каримжонов дарыгерлер менен медайымдар пахта отоого чыгышарын тастыктады. Бирок талаа жумуштарына бир-эки сапар гана өз каалоолору менен барышканын айтты.

Өзбек бийлиги айдоо аянттарындагы отоо чөптөрдү тазалоого жана пахта терүүгө окуучуларды, дарыгерлерди, артисттерди мажбурлап чыгарат деп укук коргоочулардын сынына кабылып келет. Элеттиктерде кык чогулткан учурлар да болуп турат.

XS
SM
MD
LG