Жергиликтүү медиа кабарлагандай, көп кабаттуу үйлөрдүн кире беришине “урматтуу президенттин жарлыгын аткарып, газ, электр кубаты жана суу үчүн эсептегичтерди орноткула” деген билдирүүлөрдү чаптап кетишүүдө.
Буга чейин “Азаттыктын” түркмөн кызматы облустарда бир нече айдан бери мажбурлап эсептегичтерди орнотуу өнөктүгү жүрүп жатканын билдирген. Маселен, Балканабат шаарында бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринен үйлөрүнө суу үчүн эсептегичтерди орноткондугун тастыктаган маалымкат талап кылышууда.
Социалдык жеңилдиктерди жоюу боюнча президент Гурбангулы Бердымухамедовдун билдирүүсүнөн кийин өткөн аптадан тарта үстүбүздөгү жарым жыл үчүн коммуналдык төлөмдөрдү талап кылышууда.
1993-жылдан бери ар бир түркмөн жараны күнүнө 35 киловатт/саат электр энергияны, 50 метр куб көгүлтүр отту жана 250 литр сууну акысыз алып келген. Маркум президент Сапармурад Ниязовдун буйругунда мындай жеңилдиктер 2030-жылга чейин уланат деп белгиленген эле.