Ссылки доступа

АКШ Сенаты Орусияга карата жаңы санкцияларды киргизүүнү колдоду


АКШ Сенаты көпчүлүк добуш менен 2016-жылы Американын шайлоо кампаниясына кийлигишкендиги үчүн Орусияга жаңы санкцияларды киргизүүнү колдоду.

Мыйзам долбоору Иранга карата санкцияларды кеңейтүүнү дагы камтыйт. Документке Сенат бүгүн, 15-июнда добуш берет.

Андан соң мыйзам долбоору Конгресстин Өкүлчүлүк палатасына жөнөтүлөт.

Жаңы чектөөлөр Орусиянын бир катар энергетикалык долбоорлоруна жана экономикасынын маанилүү тармактарын насыялоого киргизилет. Мындан тышкары адам укугун бузгандар, Сириядагы Башар Асад режимине курал жөнөткөндөр, Орусия өкмөтүнүн көрсөтмөсү менен киберчабуул жасагандар, мамлекеттик мүлктү коррупциялык схемалар менен менчиктештирип алгандар, Орусиянын коргонуу жана чалгын түзүмдөрү менен бизнес жүргүзгөндөр дагы “кара тизмеге” киргизилет. Санкциялар орусиялык тоо-кен өндүрүшүн, металлургия, деңиз жана темир жол аркылуу жүк ташуу тармактарын дагы өз кучагына алат.

XS
SM
MD
LG