Ссылки доступа

ИМ тобу Мосулдагы белгилүү мечитти жардырып жиберди


"Ислам мамлекети" экстремисттик тобу шаршембиде Мосул шаарындагы белгилүү "Ал-Нури" мечитин жана анын минаретин жардырып жиберди. Ирактын бийлиги согушкерлер муну менен "утулганын моюнуна алып жатышат" деп билдирди.

Бул мечит 1172-жылы курулган. Дал ушул мечитте 2014-жылы "Ислам мамлекети" тобунун лидери өзүн "халиф" деп жарыялаган. Анын кара желеги мечитте үч жыл бою желбиреп келгенин, эми анын талкаланышы топтун жеңилгенин көрсөтөрүн Ирактын өкмөт башчысы Хайдар ал-Абади билдирди.

Жардырууга чейин Ирактын күчтөрү Мосулдун Эски шаарын курчоого алганы кабарланды. Ирак армиясы АКШ баштаган эл аралык коалициясынын жардамы менен октябрь айынан бери шаарды согушкерлерден бошотуу аракетин көрүп келет.

XS
SM
MD
LG