Ссылки доступа

Орусияда Мамлекеттик коргоо кызматынын укуктары кеңейтилет


Орусиянын Мамлекеттик думасы Федералдык коргоо кызматынын ыйгарым укуктарын кеңейте турган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Бул тууралуу РБК басылмасы жазды.

Мыйзам долбооруна ылайык, аталган кызматка мамлекеттин коргоосундагы адамдардын жеке маалыматтарын жашыруун сактоо укугу берилет. Алардын катарына өкмөттүн бардык жогорку кызматтагы аткаминерлеринин, губернаторлордун, ошондой эле мамлекеттин үлүшү бар ири компаниялардын башчыларынын жашаган жери жана алардын кайтаруусундагы жеке мүлктөр кирет.

Мыйзамга ылайык, андай адамдардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке маалыматтарын өздөрүнүн же мамлекеттик коргоо органдарынын макулдугу менен гана ачыкка чыгарууга болот. Ошол эле маалда бул маалыматтар башка федералдык мыйзамдар, мисалы, мүлктү жыл сайын декларациялоо тууралуу мыйзамдын негизинде ачыкка чыгарылышы мүмкүн.

Мыйзамга ылайык, Федералдык коргоо кызматы «мамлекеттик кайтаруудагы объектилердин» гана эмес, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн дагы «жеке маалыматтарын коргоо боюнча чараларды көрүүгө» укуктуу. Андан сырткары мекеме мамлекеттин коргоосундагы объектилер өтчү трассалардагы кыймылды убактылуу чектөө укугуна ээ болуп, аэропортторду жана башка транспорттук аянттарды бекер пайдалана алат.

Федералдык коргоо кызматынын ыйгарым укуктарын кеңейтүү тууралуу мыйзам долбоору Мамлекеттик думага Орусия президенти Владимир Путин тарабынан февралда сунушталган. Мартта мамлекет башчы кызматка Орусиянын керектөөлөрү үчүн жер тилкелерин алып коюу укуктарын берген.

XS
SM
MD
LG