Ссылки доступа

Дональд Трамп Украинаны "саботажга" айыптады


АКШ президенти Дональд Трамп Твиттердеги баракчасына Украинаны шайлоо кампаниясы учурунда ага каршы саботаж уюштурган деп айыптады.

Ал АКШдагы президенттик шайлоо учурунда Украина анын атаандашы Хиллари Клинтонду колдоо иштерин жүргүзгөнүн жазды. Бирок Трамп бул боюнча эч кандай далилдерди келтирген эмес.

Дональд Трамп андан кийин Твиттерде баш прокурор Жефф Сешнсты атайын кызматтар ачыкка чыгарган маалыматтарды териштирүүдө "өтө алсыз" болду деп сындады. Бул кызматка ал аны өзү дайындаган.

Президенттин соңку билдирүүсүнүн алдында "Вашингтон пост" басылмасы Трамп жана анын кеңешчилери баш прокурорду алмаштырууну караштырып жатканын өз булактарына таянып жазып чыккан. Сешнс өткөн аптада өз жумушун жакшы көрөөрүн, кызматын уланта берерин билдирген.

XS
SM
MD
LG