Ссылки доступа

Президенттикке талапкерлер мамлекеттик тил сынагын тапшыра башташты


Мамлекеттик тил комиссиясы алгачкы арыз берген төрт талапкерди, анын ичинде "Ата Мекен" фракциясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин кыргыз тилинен сынак берүү мөөнөтүн 26-июлга белгилеген.

Буга байланыштуу 26-июлда саат 9:00да президенттик шайлоого катышуу үчүн биринчилерден болуп арыз берген "Лига-антикризис" борборунун төрагасы Назарбек Нышанов сынак тапшырууга кирди. Андан кийинки кезекте "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев сынак тапшырмак. Бирок 25-июлда Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу Текебаевдин президенттик шайлоого талапкер катары катталуу үчүн мамлекеттик тил сынагын тапшыруу өтүнүчүн четке каккан. Аны менен катар Борбордук шайлоо комиссиясы дагы Текебаевге "Кыргызтесттен" өтүүгө көмөк көрсөтө албай турганын билдиришкен.

Ошондой эле бүгүн тил сынагын "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев жана "Ауирдин" ишканасынын жетекчиси Арстанбек Абдылдаев тапшырат.

Президенттикке арыз бергендер үчүн мамлекеттик тил сынагынан тестирлөө төрт субтесттен туруп, узактыгы эки саатка чейин созулат. Анда лексика-грамматикалык жазууга 50 мүнөт берилет, аудио, окуу жана кыргыз тилде сүйлөөгө 20-25 мүнөттөн бөлүнөт.

Сынакка катышкандар мыйзамга ылайык 60 пайыздан жогору балл алып, жок эле дегенде комиссиянын “ортодон жогору” деген баасына татышы керек.

XS
SM
MD
LG