Ссылки доступа

Казакстанда «шейх Халилди» соттошууда


Түштүк-Казакстан облусунун Орол шаарында “диний кастыкты козутуу” жана “терроризмди пропагандалоо” айыбы менен 42 жаштагы диний ишмердин соттук угуусу өттү.

Маалыматтарга караганда, Абдухалил Абдужаббаров 2003-жылы Атырау, Орол жана Актөбө мечиттеринде ваххабизм менен такфиризм идеаларын жайылткан.

Прокурордун айыптоочу сөзүндө «шейх Халил» каймана аты менен белгилүү Абдужаббаров намаз окубагандарды “капыр” деп атоого үндөп, мусулмандарды жихадка чакырган деп айтылат.

Абдужаббаров сотто күнөөсүн моюнга алган жок. Кийинки отурум 1-августка белгиленди. Сот 27 күбөнү угуу иши жабык өтөрүн, себеби алар өз өмүрлөрү үчүн кооптонуп жатышканын эскертти. Бул иште жалпысынан жүздөй киши көрсөтмө берүүдө.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин суроосу менен Сауд Арабия 2017-жылы февралда Абдужаббаровду өлкөсүнө депортациялаган. Атайын кызматтын маалыматына караганда, имамдын шыкакчылыгы менен түзүлгөн радикалдуу уячалардын мүчөлөрү кийинчерээк Ооганстан жана Сириядагы согушкерлердин катарына кошулуу үчүн Казакстандан чыгып кетишкен.

XS
SM
MD
LG