АКШнын Энергетика министрлигинен бул маалыматты ырастап, сүйлөшүү Конгресстин төмөнкү палатасы Орусияга карата санкциялардын кезектеги пакетин кабыл алып жаткан маалда болгонун билдиришти.
Вован менен Лексус буга чейин да белгилүү адамдарды тамашага салып келишкен. Алардын арасында Путин менен сүйлөшүп жатам деп ойлогон Элтон Жон, крымдык татарлар тараптан жарым аралды блокадалоону уюштурган адамдар, ошондой эле Рамзан Кадыровдон кечирим суроо сунушталган красноярсктык депутат Константин Сенченко болгон.
Пранкерлер тамашага салуу үчүн дээрлик дайыма учурдагы орус бийлигине ылайыксыз болгон адамдарды тандашса, алардын бул ишин Орусиянын бийликчил телеканалдары жактырып келишет. Мындан улам эксперттер пранкерлер орус атайын кызматындагылар менен биргеликте иштеши мүмкүн деген божомолдорун айтып келишет.