Ссылки доступа

БШК Текебаевге тил сынагын тапшыруу үчүн сотко кайрылууну сунуштады


Борбордук шайлоо комиссиясы "Ата Мекен" фракциясынын камактагы лидери, президенттик кызматка талапкерлигин көрсөткөн Өмүрбек Текебаевге мамлекеттик тил боюнча сынакка катышуу үчүн сотко кайрылууну сунуштады. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын мыйзамында эркиндиктеги талапкерлер үчүн жоболор жазылган.

Мыйзамда тергөөдө жүргөн жарандардын да шайлоого катышуусуна уруксат берилет. Бирок мыйзамга ылайык президенттикке талапкерлер сөзсүз өтүүгө тийиш болгон кыргыз тилинен сынакты кандай жол менен тапшырары тууралуу укуктук механизмдер жок. Кылмыш-процессуалдык кодексинде бул үчүн баш коргоо чарасын өзгөртүү каралган эмес.

Осмоналиевдин айтымында, талапкер мыйзамдагы бул боштуктарды жок кылуу өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу.

- Өз укуктарым бузулду деп эсептесе, сотко кайрыла алат. Ошондуктан биз сот органына кайрылууну сунуштадык, - деген Осмоналиев Өмүрбек Текебаевдин мамлекеттик тил боюнча сынакты тапшыруусун сот чечерин кошумчалады. Камактагы депутатка тест тапшырууга уруксат берилсе, ал 10-августка чейин сынактан өтүшү керек.

Текебаевдин тарапкерлери анын мамлекеттик тил сынагына катышуусун камсыздоону талап кылып жатышат.

Кечээ Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевдин президенттик шайлоого талапкер катары катталуу үчүн мамлекеттик тил сынагын тапшыруу өтүнүчүн четке каккан.

"Ата Мекен" партиясынын юристтери Өмүрбек Текебаевдин өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен президенттик жарышка катышуу тууралуу арызын Борбордук шайлоо комиссиясына 18-июнда экинчи болуп тапшырган. Биринчи болуп 16-июнда Базар-Коргон районунун тургуну, "Лига-антикризис" борборунун төрагасы Назарбек Нышанов арыз жазган. Мамлекеттик тил комиссиясы Нышанов сынактан 74,15 балл менен ийгиликтүү өткөнүн, "Ак Шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев да 81,8 балл алганын билдирди.

XS
SM
MD
LG