Ссылки доступа

Тажикстанда арыктаган тартип сакчылары кайра ишке алынууда


Тажикстан ИИМ башчысы ашыкча салмактан улам иштен айдалган 13 тартип сакчысын кайра жумушка алды. Эки ай мурун Тажикстандын ички иштер министринин буйругу менен “курсактуу” 20 милиция кызматкери бошотулган.

Дагы 100дөн ашуун кызматкерге арыктоо үчүн убакыт берилген. “Милиционерлер үчүн шамдагайлык жана чыйрактык талап кылынат. Алар бардык кырдаалга даяр болуп, милдеттерин аткарууга тийиш”, -деп билдирген министрлик.

26-июлда Тажикстан ИИМинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, арыктаган милиция кызматкерлери кайра ишке алынды. Ашыкча салмак менен күрөшүп, министрлик талап кылган норманы камсыздаган башка тартип сакчылары дагы жумуштарын калыбына келтире алат.

ИИМ ашыкча салмак менен күрөшүүнү былтыр декабрда баштаган. Министр Рамазон Рахимзода белгилеген нормага ылайык, 168-170 сантиметр бойго ээ милиция кызматкерлеринин салмагы 75 килодон ашпашы керек.

Тажикстан ИИМи эркек милиционердин бою 168 сантиметрден кем эмес, погончон аялдардыкы 160 сантиметрден жогору болушу керектигин билдирген.

XS
SM
MD
LG