Ссылки доступа

Казакстанда 420 миңден ашык адам медициналык жардамсыз калышы мүмкүн


Эмгек жана калкты социалдык коргоо министрлигинин Түштүк Казакстан облусуна барган өкүлдөрү аймактын 400дөн ашык жашоочусу бекер медициналык жардамсыз калышы мүмкүндүгүн эскертишти. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул жаатта бир катар көйгөйлөр бар экенин мойунга алууда.

Министрликтин өкүлдөрү 28-июлдан 2-августка чейин облустагы Казыгурт, Сарыагаш, Мактаарал, Ордабаса райондорунда жана Шымкент, Түркестан шаарларында болуп кайтышкан. Анда алар 2018-жылдан тарта киргизиле турган милдеттүү социалдык-медициналык камсыздандыруу, даректүү социалдык жардам көрсөтүү, аялдар үчүн пенсия курагына жогорулатуу жана жапырт ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

2-августта эмгек жана социалдык коргоо министринин орун басары Биржан Бидайбердыулы Түштүк Казакстан облусунда азыркыга чейин 423 410 адамдын макамы аныкталбаганын билдирди.

"Алардын 33 миңи жумушсуз болсо, калгандары өз алдынча жумуш орундарын түзүп алгандар," – деди ал.

Эмгек жана калкты социалдык коргоо министри Тамара Дүйсөнова эгер ал жарандар жумушсуз же өз алдынча жумуш орундарын түзүп алгандар катары каттоодон өтпөсө, кийин бекер медициналык жардам ала албай кала тургандыктарын эскертти.

XS
SM
MD
LG