Ссылки доступа

Тажик делегациясы Иран президентинин инаугурациясына катышат


Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министри Усмонали Усмонзода баштаган расмий делегация Ирандын президенти Хасан Роуханинин инагуруациясына катышат.

Кызматка киришүү аземи 5-августта болот. Мындан төрт жыл мурун Хасан Роуханинин инаугурациясына тажик делегациясын Эмомали Рахмон жетектеп барган.

Маалыматтарга караганда, сапардын алкагында эки өлкө мамилесиндеги кризисти чечүү боюнча тажик-иран сүйлөшүүлөрү өтөт.

Тажикстандын Ирандагы мурдагы элчиси Рамазон Мирзоевдин билдиришинче, тажик делегациясынын инагуруацияга катышуусу Дүйшөмбү менен Тегерандын ортосундагы музду ээритүүгө салым кошушу ыктымал. Ал эки өлrө достук мамилелерди калыбына келтирүү үчүн эч кандай тоскоолдуктар жок экенин жана бардык маселелерди сүйлөшүү жолу аркылуу чечсе болорун кошумчалады.

Иран ММКлары кабарлагандай, Хасан Роуханинин инаугурациясына чет өлкөлөрдөн 100дөн ашуун расмий делегация келет. 68 жаштагы Роухани майда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жетишип, экинчи мөөнөткө шайланган.

XS
SM
MD
LG