«Мени кечирип койгула, бирок мен прокурорлорду жаман көрөм. Бул тууралуу силерге ачык айтам. Эгер эмнеге деп сурасаңар жооп берем. Мен райондун, облустун акими болуп иштегем жана ал абийирсиздердин кандай экенин жакшы билем», – деди Мирзиёев.
Президент Каримовдун тушунда иштеген прокуратура кызматкерлерин «таштанды» деп атап, «баары бир прокуратура органдарындагы адамдарды алмаштыра турганын» айтты:
«Биз прокуратура органдарын мурдагы таштандылардан тазалап, кызматкерлердин 80 пайызын алмаштырдык, жаңы башкы прокурор дайындалды. Бирок анда дагы деле мурдагы системадан калган 15-20 пайыз кызматкер иштеп жатат. Алсак, Файзиев (Ташкент облусунун прокурору Жамшид Файзиев) дагы ошол системанын кишиси болуп эсептелет. Биз баары бир прокуратураны андай адамдардан тазалайбыз. Же прокурор таза иштейт, же жумуштан алынат. Прокурорлор элдин балээсине айланды. Эгер таза иштебесе бардыгы кетет», – деди Мирзиёев.
Айрым прокурорлор өз аты-жөнүн туура жаза албастыгын белгилеген мамлекет башчы алардын заңгыраган хан сарайларына көңүл бурду:
«Прокурорлор элибиз жакшы жашоого жеткенде гана жакшы жашайт. Алардын жашаган үйлөрүн, минген унааларын карагылачы. Алар эмне атомдук реактор ойлоп табышты беле? Айрымдары өздөрүнүн аты-жөнүн да туура жаза алышпайт. Алар тааныш-билиш аркылуу прокурорлукка жетишкен. Мен аларды иштебегендиги үчүн жаман көрөм», – деди Мирзиёев.