Ссылки доступа

Мюллер Орусиянын шайлоого ыктымал кийлигишүүсүн иликтөөнү улантууда


АКШнын атайын прокурору Роберт Мюллер Орусиянын Кошмо Штаттардагы шайлоого ыктымал кийлигишүүсүн иликтөө үчүн сот арачыларынан калыстардын чоң тобун түздү. Бул тууралуу "Уолл-стрит джорнэл" көз карандысыз эки булакка таянуу менен билдирди.

Калыстар тобу күбөлөрдүн көрсөтмө берүүсүнө катышат. Иликтөө олуттуу мүнөзгө ээ жана узакка созулушу мүмкүн деп жазат гезит. CNBC телеканалы маалымдагандай, бул президент Дональд Трамптын айланасындагы кишилерге айып тагылат дегенди билдирбейт.

Атайын прокурор Роберт Мюллер шайлоо кампаниясы тушунда Хиллари Клинтонго каршы Дональд Трамптын штабы менен Кремль кутумга барганы тууралуу шектенүүлөрдү иликтейт.

Акүйдүн маалымат катчысы Сара Хакаби Сандерс Трамптын администрациясы калыстар тобунун түзүлгөнү тууралуу кабардар эмес экенин билдирди. Ал Акүй иликтөө жараянын илгерилетүүгө жардам берчү бардык чечимдерди кубаттай турганын, Трамптын администрациясы иликтөө менен толук кызматташарын кошумчалады.

CNN телекомпаниясы Мюллер Дональд Трамптын командасы менен Орусия президентинин каржылык мамилесине кызыгып жатканын кабарлады. Дональд Трамп "Нью-Йорк таймс" гезитине атайын прокурор бул аракети менен “кызыл чекке” жеткенин билдирди.

XS
SM
MD
LG