Ссылки доступа

Күчтөп күйөөгө берүүдөн качкан кыз Москвада психиатрия ооруканасына жаткан


Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москвадагы №1 психиатриялык ооруканадан кыргызстандык кызды чыгарып алууга жардам беришти. Элчиликтин маалыматына караганда, ал ата-энесинин мажбурлап күйөөгө берүү аракетинен качуу максатында ооруканага өзү барган.

Оорукананын доктурлары кыз 29-июлда "артынан бирөөлөр куугунтуктаганы, фантастикалык мүнөздөгү таасир этүү тууралуу ойлорго байланышкан психикалык абалдан улам" жаткырылганын айтышты.

2-августта атасы элчиликке кайрылып, кызын мажбурлап ооруканага камап коюшканын айткан жана жардам сураган.

Ал эми кыз соңку жарым жылдан бери ата-энесинин, айрыкча апасынын өзү тааныбаган балага күйөөгө беребиз деген басымына кабылып келгенинен улам Кыргызстандан качып, ооруканага атайылап өзү келип жатканын айтып берди.

Райондук сот кыз психикалык дарылоого муктаж эмес деген чечим чыгаргандан кийин аны атасына өткөрүп беришти.

XS
SM
MD
LG