Ссылки доступа

Тажикстанда корей чиркөөсүнүн пастору экстремизм үчүн соттолду


Хужанд шаардык соту «Сонмин Сонбогым» деп аталган христиан чиркөөсүнүн пасторун үч жылга эркинен ажыратты. Экстремизмге айыпталган чиркөө кызматкерине карата өкүм июлдун аягында чыгарылганы кабарланууда.

Маалыматтарга караганда, 42 жаштагы Бахром Холматов ушул жылдын 10-апрелинде Хужанд шаарындагы корейлерге таандык протестанттык чиркөөдөгү текшерүүлөрдөн кийин кармалган. Анда укук коргоо органдарынын расмий билдирүүсүндө анын экстремизмге шектелип кармалгандыгы жазылган. Бахром Холматовдун үйүн тинтүү маалында алынган китептер «экстремисттик мазмундагы» адабият деп табылган.

«Форум-18» сайты Холматовдун туугандары менен тааныштары куугунтуктоолор болушу мүмкүн деп чочулап, бул темада эч ким менен сүйлөшүүнү каалабай жаткандыктарын билдирүүдө.

Тажик бийлиги «Сонмин Сонбогым» христиан борборунун расмий каттоосу жок болгондуктан, анын өлкө аймагындагы ишмердүүлүгү мыйзамсыз болуп эсептеле турганын билдирүүдө. Анткен менен корей чиркөөсүнө таандык сайтта борбор расмий түрдө 2009-жылы Тажикстандын Дин иштери боюнча комитетинде каттоодон өткөнү жазылган.

XS
SM
MD
LG