Ссылки доступа

Ташкентте эгемендүүлүк майрамына карата антитеррордук операция өтүүдө


Өзбекстандын эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын майрамдоого карата коомдук тарипти камсыздоо үчүн 30-июлдан бери Ташкентте антитеррордук тазалоо операциясы өтүүдө.

Ташкент шаардык ИИБнын басма сөз кызматы кабарлагандай, тартип сакчылары 96 миң көп кабаттуу батирди, 34 миң жеке турак-жай секторун жана 5400 мекеме-ишкананы текшерип чыгышты. Натыйжада 4,5 миң административдик протокол түзүлдү, алардын 4 миңден ашууну - каттоосу жок жарандарга жана аларга ижарага батир бергендерге тиешелүү.

Операция учурунда мурда ички иштер органдарынын каттоосунда турган кишилерге өзгөчө көңүл бурулууда. Алар менен жолугушуулар өтүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Административдик укук бузган 456 жаран профилактикалык каттоого алынды. Көп кабаттуу үйлөрдүн алдына кошумча 86 видеокөзөмөл камералары орнотулду.

Өзбекстанда эгемендүүлүк майрамы 1-сентябрда белгиленет.

XS
SM
MD
LG