Ссылки доступа

Пхеньян Түштүк Корея менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдөн баш тартты


Түндүк Корея Сеул менен Пхеньяндын ортосундагы чыңалган абалды жайгаруу үчүн сүйлөшүүлөрдү калыбына келтирүү боюнча Түштүк Кореянын сунушунан баш тартты.

Түштүк Кореянын Йонхап агенттигинин билдиргенине караганда, Түндүк Кореянын тышкы иштер министри баш тартуусун коңшусунун демилгесинде «ак ниеттүүлүктүн жетишпей жаткандыгы» менен түшүндүргөн.

Эки министрдин кыска (үч мүнөткө жакын) жолугушуусу жекшемби күнү Манилада өтүп жаткан Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн ассоциациясы саммитинин алкагында болду.

Июлдун ортосунда Суел Пхеньянга аскердик сүйлөшүүлөрдү эки өлкө ортосундагы демилитаризация болгон аймакта өткөрүүнү сунуштаган. Анда ыктымал сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Түштүк Корея бийлиги эки мамлекеттин ортосундагы чыңалууну төмөндөтүү жана 1950-жылдардагы согуштан кийин бири-бири менен байланыштарын үзгөн үй-бүлөлөрдү бириктирүү иштерин жандандырууга аракет кылары белгиленген. Акыркы жолу мындай сүйлөшүүлөр 2015-жылы өткөн.

5-августта БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга карата катаал санкцияларды киргизүүнү бир добуштан колдогон – бул ал өлкөнүн жакындагы континенттер аралык баллистикалык ракеталарды сыноодон өткөрүп, БУУнун буга чейинки резолюцияларын бузгандыгына жооп болду.

XS
SM
MD
LG