Ссылки доступа

Өлкө чехиялык Liglass компаниясы менен кызматташууга макулдугун берди


"Электр станциялары" ишканасынын акционерлери 4-августта чехиялык "Лигласс Трейдинг" компаниясы менен кызматташууну колдоду.

Эми "Лигласс Трейдинг" бир ай ичинде аталган объектти куруу үчүн кыргыз өкмөтүнүн Орусияга карызын төлөп, үч ай ичинде техникалык-экономикалык негиздемесин сунушташы керек.

Мындай маалыматты "Электр станциялар" ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев "Азаттыкка" билдирди:

- Жыйынга катышкан акционерлердин 96 пайызы келишимди колдоду. 96 пайыз деген бул максималдуу көпчүлүк болуп саналат. Эми биз келишимди жактырган соң бир айлык мөөнөт ичинде чехиялык компания 37 миллион доллар төлөмдү Орусияга которушу керек. Андан соң үч айдын ичинде ГЭСтер каскадынын техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгышы керек. Андан соң аталган негиздеме экспертизадан өткөрүлөт. Башкача айтканда дагы көп иш бар.

Кыдырбаевдин маалыматына караганда, чехиялык компания Жогорку Нарын ГЭСтер каскадына караштуу Нарын-1 жана Ак-Булуң станцияларын куруу долбоорун 230 миллион долларга баалап жатат.

Чехиялык "Лигласс Трейдинг" компаниясы Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу тууралуу тендерди утуп алган.

Курулуш тууралуу келишимдерге быйыл 10-июлда Бишкекте кыргыз өкмөтү менен аталган компания өкүлдөрү кол койгон. Мындан кийин чехиялык маалымат каражаттары "Лигласс Трейдинг" ири долбоорду ишке ашырчу дарамети жоктугун жазып чыккан эле. Ошондой эле келишимди даярдоо учурунда Кыргызстандын Австриядагы элчилиги бул компания менен өкмөттү келишим түзбөөгө чакырганы белгилүү болгон.

Компания ээси Михаэл Смелик болсо чех прессасындагы терс маалыматтарды четке кагып, өзү жетектеген ишкананы тажрыйбалуу деп сыпаттаган. Мындан соң Кыргызстанда жана Чехияда бул маселе абдан талкууланып, айрым саясатчылар кыргыз бийликтерин келишимди жокко чыгарууну талап кылышкан.

Ага президент Алмазбек Атамбаев да көңүл буруп келишимди жокко чыгарууга шашылбай, августтун аягына чейин күтө туруу зарылдыгын белгилеп, эгер болбой калса жаңы инвестор издей турганын билдирген эле.

XS
SM
MD
LG