Ссылки доступа

Шайлоодо үч партия бир талапкерди сүрөөнгө алмай болду


"Бүтүн Кыргызстан", “Ата Журт”, “Өнүгүү-Прогресс” партиялары шайлоодо бир талапкерди сүрөөнгө алууну чечишти. Мындай кадамдарын алар элдин биримдигин, туруктуулукту жана таза шайлоо өткөрүүнү камсыздоо менен түшүндүрүшүүдө.

Партиялардын лидерлери Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков жана Бакыт Төрөбаев бул маалыматты тастыкташты.

2011-жылы Ташиев менен Мадумаров 20% ашуун добуш топтоп, Атамбаевден кийин эле экинчи жана үчүнчү орунду камсыздашкан.

Саясат таануучу Денис Бердаков эгер альянс бузулбаса, шайлоо эки тур менен өтөрүн билдирүүдө.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда болот. Учурда өлкө башчы болуу ниетин 59 адам билдирди. Азыркы президент Алмазбек Атамбаев алты жылдан бери президент жана мыйзам боюнча экинчи мөөнөткө шайлана албайт.

XS
SM
MD
LG