Ссылки доступа

АКШ Эстонияга 150 аба десантчысын жөнөтөт


АКШ “Батыш-2017” орус-беларусь окуулары өтүп жаткан маалда Эстонияга аба десантчыларынын ротасын жиберет. 150 аскер кызматкери августтун аягында келет. Бул тууралуу Эстониянын Коргоо күчтөрүнүн башкы штабынан билдиришти.

Орусия менен Беларустун “Батыш” биргелешкен окуулары 14-20-сентябрь аралыгында өтөт. Орусиянын Коргоо министрлиги машыгууга 13 миң аскер кызматкери катышарын билдирди.

Балтия өлкөлөрү буга кабатыр болууда. Алар Орусия машыгуунун шылтоосу менен башка операциялар үчүн Беларуска курал жеткириши мүмкүн деп эсептешет. НАТО “Батыш-2017” иш-чарасына ынтаа менен көз салууну убада кылды.

XS
SM
MD
LG