Ссылки доступа

Грузин-орус согушунун башталганына 9 жыл болду


“Беш күндүк” согуш деп аталган куралдуу жаңжал 2008-жылы 8-августта башталган.

8-августка караган түнү грузин артиллериясы Цхинвалини аткылап, андан соң Түштүк Осетияда көзөмөл орнотууга аракет жасаган. Түштүк Осетияга Орусия жардамга келген. Ал убактагы президент Дмитрий Медведев “Грузияны тынчтыкка мажбурлоо” боюнча операция башталганын жарыялаган.Согуштук аракеттер 12-августка чейин созулган. Грузия бул жаңжалда 412 кишисин жоготкон, орус тараптан 67 аскер кызматкери курман болгон.


Жаңжал геосаясий жана экономикалык кесепеттер менен коштолгон. 26-августта Орусия Түштүк Осетия менен Абхазияны расмий түрдө көз карандысыз мамлекеттер катары тааныган. 2-сентябрда Тбилиси Москва менен дипломатиялык мамилелерин үзгөн.

Грузиянын аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүү - бул өлкө жарандарын тынчсыздандырган үч маселенин бирөө болуп эсептелет.
Грузин бийлиги жана көптөгөн батыш өлкөлөрү мурдагыдай эле Орусияны грузин аймактарын “көз карандысыз” катары таануудан баш тартууга чакырып келишет.

XS
SM
MD
LG