Ссылки доступа

Мирзиёев жаңы курулган резиденцияга көчүп келди (видео)


Ташкент облусунун Кибрай районунун “Байткурган” айлында Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевге арналган резиденциянын курулушу аяктоодо.

Бийик дубалдар менен курчалган резиденциянын аянты бир нече гектарды түзөт. “Байткурган” айылында ондогон үйлөр түрттүрүлгөн, көчөлөр кеңейтилген жана аларды бойлой арчалар тигилген.

Турак-жайлары бузулгандарга жер тилкелери берилет жана коттедждер салынат.

Кибрай райондук администрациясынан билдиришкендей, резиденциянын курулушуна президенттик администрациянын башчысынын орун басары Ойбек Турсунов жетекчилик кылууда. Ал Шавкат Мирзиёевдин кызы Саиданын күйөөсү.

Шавкат Мирзиёевдин резиденциясы
Шавкат Мирзиёевдин резиденциясы

Өз булактардын маалымдашынча, резиденциянын бүткөн бөлүгүнүн ачылышы 24-июлда – Шавкат Мирзиёевдин туулган күнүндө болгон.

Резиденциянын ичи Аргентинадан алынып келинген, бир чарчы метри 500 долларга тете көгүлтүр мрамор жана Swarovski кристаллдары менен жасалгаланган.

Өзбекстан президенти буга чейин Ташкенттеги жеке турак-жайында жашап келген.

XS
SM
MD
LG