Ссылки доступа

Түркмөнстандыктар Ашхабадга кирүүдө тоскоолдуктарга туш болушууда


Түркмөнстан борборуна башка аймактардан келген автоунаалардын кирүүсүнө чектөө киргизилгенден бери облус жашоочулары Чоганлы станциясында автобустарды бир сааттан ашуун күтүшүүдө.

Азия-2017 оюндарынын алдында Ашхабадга облустук номурга ээ унаалардын кирүүсүнө тыюу салынган. Бийликтин көрсөтмөсү менен аймактардын жашоочулары борборго жакын жайгашкан Чоганлы станциясына автоунааларын токтотуп коюуга аргасыз болушууда.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, Ашхабаддын түндүк бөлүгүнө жакын жайгашкан Чоганлы станциясынан борборду көздөй бир гана каттам бар. Жургүнчүлөр автобусту кеминде 1 саат 20 мүнөт күтүшөт. Аялдамаларда алар үчүн шарт түзүлгөн эмес.

Буга чейин Ашхабаддын четинде аймактардан келген автотранспорттор үчүн унаа токтотуучу жай курулары маалымдалган. Апрелдин башында Түркмөнстан борборун эски автомобилдерден арылтуу чаралары башталган.

XS
SM
MD
LG