Ссылки доступа

Али Феруздун адвокаты журналисттин өмүрү үчүн кооптонууда


Али Феруз

“Новая газетанын” журналисти Али Феруздун ишин сотто коргогон адвокат Филипп Шишов өзбекстандык кабарчынын өмүрү үчүн кооптонууда.

Шишов Феруздун денеси көгала болгонуна карабай, укук коргоо органдары журналистке кыйноо көрсөтүү боюнча кылмыш ишин козгобой жатканын айтты. “Эми өзүнө өзү кол салды деген сөздү угууну каалабайт элем”, – деди адвокат.

Али Феруз 1-августта Москвада кармалган. Шейшембиде Орусиянын доо арыздарды караган соту аны Өзбекстанга артка күчтөп кайтаруу (депортациялоо) тууралуу чечимди аткарууну убактылуу токтоткон. Журналисттин арызын Европанын адам укуктары боюнча соту карап чыкмайынча, Феруз качкындардын убактылуу жайында жашап турат.

XS
SM
MD
LG