Ссылки доступа

Кыргызстанда жашоо коопсузбу? (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Кыргызстанда жашоо коопсузбу? (Директтен видео)

- Трамптын «Твиттерге» болгон ышкыбоздугу. АКШ президенти журналисттер менен өтө тез байланышып турбаганы менен, «Твиттер» аркылуу дээрлик күнү-түнү өз эмоцияларын билдирип, каршылаштарына чабуул коюп, тарапташтарын мактап-жактап келет. (Директтен видео)

- Өзбекстан президенти Прокуратураны сындады. Бул коррупцияга каршы күрөшпү же бийлик үчүн күрөшпү? Өзбекстанда атайын кызматтар менен Прокуратура чоң бийликке ээ жана Ислам Каримов каза болгондон кийин күч түзүмдөрү Мирзиёевдин президент болушуна нааразы болушкан. (Настоящее время)

- Google жана гендер. Интернет түркүктөрүнүн жана Кремний өрөөнүнүн символдорунун бири болгон Google компаниясынын айланасында жаңжал пайда болду. (Директтен видео)

- Орус-грузин согушуна тогуз жыл. Тогуз жыл мурда, 2008-жылдын августунда, Орусия менен Грузиянын ортосунда согуш башталган. (сүрөт баян)

- Чикаго АКШ администрациясы менен соттошууда. Президент Трамп мыйзамсыз иммиграцияга чекит коюуну убадалоодо. Бирок ага көпчүлүк штаттар, округдар жана шаарлар каршы болууда. АКШ администрациясынын аракеттеринин мыйзамдуулугу тууралуу чечимди кезектеги жолу сот кабыл алат: Чикаго Юстиция министрлигине каршы доо арыз жазды. (Директтен видео)

- Велосипедчилер бар, веложолдор жок. Астанада автоматташтырылган велосипеддерди ижарага берүү системасы бар жана шаарда велосипедчилердин саны да өсүүдө, бирок веложолдор дээрлик жокко эсе. (Директтен видео)

- Компенсациялар жол жүрүү билеттеринен аз: бийлик Петербург метросундагы жардырууда жабыркагандарга акча төлөп берүүдөн баш тартууда. (Настоящее время)

- Социалдык кызматтар бутпарастыкты карманган ата-энелердин балдарын алып коюуда. Атайын кызматтагылар Житомир облусунда алгач байыркы славян салттарын карманган бутпарас-вегетариан ата-энелердин балдарын алып коюп, кийин соттун чечими менен кайра кайтарып беришти. (Настоящее время)

- Кыргызстандык көзү көбөгөн триатлончу дүйнөлүк аренаны багындырууга аракет кылууда. Жалалдин Абдувалиев машыгууларын эч калтырбайт. Ал чуркап, сууда сүзүп жана велосипед тебүү менен татыктуу жыйынтыктарды көрсөтүүдө. Бирок анын бир өзгөчөлүгү бар – анын көзү көбөйт. Ал Паралимпиада оюндарында медаль алууну кыялданат. (Директтен видео)

- Орусиядан багылып алынган АКШлык балдар. 15 жылдан кийин (Настоящее время)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG