Ссылки доступа

Ооганстанда талиптер барымтада кармап турган 235 адам бошотулду


«Талибан» кыймылы 8-августта Ооганстандын түндүгүндөгү Мирза Олан айылында барымтада кармалып турган 235 адамды бошотту. Бул тууралуу өлкөнүн бийлиги кабарлады. Өткөн апта соңунда анда талиптер менен «Ислам мамлекетинин» жоочуларынын биргелешкен чабуулунан кийин 50гө жакын жай турган өлтүрүлүп, жүздөгөн адам барымтага алынган.

Провинциянын расмий өкүлү Забиулла Аманинин AFP агенттигине билдиргенине караганда, 8-август кечинде Мирза Олан айылында жергиликтүү аксакалдардын жана провинция аткаминерлеринин кийлигишүүсү менен 235 адам барымтадан бошотулган. Арасында аялдар менен кичинекей балдар дагы бар. «Алар Сари-Пул шаарына көчүрүлдү. Азыр барымтада канча адамдын калганы белгисиз болууда», - деди Амани.

Басылманын өлкөнүн атайын кызматтарындагы булагы Мирза Оланда 100гө жакын адам барымтада кармалып турганын билдирген. Бул айыл өткөн дем алыш күндөрү жоочулар басып алган Сари-Пул районунда жайгашкан.

Жергиликтүү аткаминерлердин айтымдарында, «Талибан» менен ИМ тобунун согушкерлери 5-августта жашоочуларынын көбүн шииттер түзгөн айылда 50гө жакын адамды, анын ичинде аялдар менен балдарды өлтүрүшкөн. Андан сырткары жоочулар 150дөй үй-бүлөнү барымтага алганы кабарланган. Ага чейин жоочулар менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда эки күн бою кагылышуулар болгон.

XS
SM
MD
LG