Ссылки доступа

Анжиянда чет өлкөдөн которулган акчаларды алууда узун кезек күтүүлөр болууда (видео)


Infinbank банкынын Анжиян облусундагы өкүлчүлүгү
Infinbank банкынын Анжиян облусундагы өкүлчүлүгү

Анжиян облусундагы банктарда чет өлкөлөрдөн которулган акчаларды жарандарга берүүдө кыйынчылыктар болууда. Банк өкүлдөрүнүн айтымында, Өзбекстанга башка өлкөлөрдөн акча которуулар көп болуп жатканы менен Ташкенттен чет өлкөлүк валюта аз келүүдө.

Андижанцы стоят в очереди по 8-10 часов за денежными переводами из-за границы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:00:49 0:00

Облустун Акмал аттуу тургуну агасы Орусиядан жөнөткөн акчаны үч күн дегенде араң алганын билдирди:

– Жума күнү агам апамды дарылоого деп акча жөнөткөн. Банкка барсам иштебейбиз, эртең келгиле деп коюшту. Эртеси бир канча саат кезек күтүп тургандан кийин банк кызматкери чыгып эртең келгиле деди. Айла жок Анжиянга барууга туура келди, бирок андагы банктар да жабык экен, – деди ал.

Ипак йули банкынын Анжияндагы филиалынын алдындагы кезек күткөн адамдар.
Ипак йули банкынын Анжияндагы филиалынын алдындагы кезек күткөн адамдар.

Амалдын айтымында, ал дүйшөмбү күнү Анжияндагы банктардын биринде 10 саат кезекте тургандан кийин гана акчасын ала алган.

– Кайсыл банкка барбайын бардыгынын алдында кезек күткөн адамдар көп экен. Арасында улгайган адамдардын, балдарын көтөргөн аялдардын да турганын көрдүм. Ар бир банктын алдында кезек күткөндөрдүн саны 200-500гө чейин жетет. Мен банкка эртең менен барып, акчаны кечки саат алтыда араң алдым, – деди ал.​

Адамдар Ипак йули банкынын Анжияндагы филиалынын алдында акча алуу үчүн кезек күтүп турушат.
Адамдар Ипак йули банкынын Анжияндагы филиалынын алдында акча алуу үчүн кезек күтүп турушат.

Infinbank банкынын Анжиян облусундагы өкүлчүлүгүнөн акча алуу үчүн кезек күткөн адамдардын көп болуп жаткандыгын ырасташты:

– Мында эки себеп бар. Биринчиден, жайкысын эмгек мигранттарынын Өзбекстанга акча которуулары көбөйөт. Аны менен катар акча алууну каалагандардын саны да өсөт. Экинчиден, азыр чет өлкөдөн которулган акчаларын алуу үчүн аймактардан шаарга келгендер көп болууда. Анткени банктардын райондордогу өкүлчүлүктөрү которулган акчаларды берүүнү убактылуу токтотушкан. Ошондуктан бардыгы шаарга келип жатышат, – деди банктын өкүлү.

XS
SM
MD
LG