Ссылки доступа

“Черные глазаны” комуз менен ырдаган Үмүтай (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

Данисте: Чет жердеги жаратман журтташтар. Бул берүүнү чет жактагы журтташтарга арнадык. Түркиядагы, Украинадагы, Орусиядагы жана Тажикстандын Бадахшан аймагындагы кыргыздардын жашоосун жана ийгилигин чогуу көрөлү. (Директтен видео)

-“Черные глазаны” комуз менен ырдаган Үмүтай. Үмүтай Абдышова комуз менен чет элдик ырларды аткарып келет. Санат ырчысы бул аракети менен жаш угармандардын улуттук аспапка кызыгуусун арттырууну көздөйт. (видео)

Шайлоо - 2017: президент ким болот? “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү президенттик шайлоого аттанган талапкерлердин дараметине саресеп салды. Эксперттердин айтымында, дароо утуп чыга турган күчтүү талапкер жок болгондуктан, шайлоо эки айлампа менен өтөт. (Директтен видео)

Орусиядагы мигранттардын саламаттыгы. Орусияда кыргызстандык мигранттар медициналык камсыздоо күбөлүгүн (ОМС) алып жатышабы? Мигранттарды тейлеген менчик медициналык борборлордун иши кандай? "Азаттык" радиосунун «Биз жана Дүйнө» берүүсүндө Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын саламаттыгы жана медициналык камсыздоо маселелери талкууладык. (Директтен видео)

- "Кактус" "Занозадан" курч боло алабы? Сот "Заноза" маалымат агенттигине бул ысымды колдонууга тыюу салды. Бир түн ичинде "Кактус" пайда болду. Редакциянын бүгүнкү жашоосу. (Директтен видео)

- "Көбүртүп-жабырткыбыз келбейт, бирок баарына даяр болуу зарыл": Казакстан Орусияга каршы киргизилген санкциялардын таасиринен кооптонууда. (Настоящее время)

- Видеоинфографика: Кыргыз чиновниктери 2016-жылы канча киреше табышты? Иликтөө көрсткөндөй айрымдары маянага гана жашашса, кээ биринин баш калкалар үйү жок (Директтен видео)

- Эки азиздин сүйүү баяны. 33 жаштагы Жамшед Беков бир телефондук чалуу жашоосун түбөлүк өзгөртөт деп ойлогон эмес.(видео)

- Теги орусиялык асыранды балдар. 15 жылдан кийин (Настоящее время)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG