Ссылки доступа

Сентябрдан тарта "Электрондук виза" системасы иштей баштайт


1-сентябрдан тарта Кыргызстанга келүүнү каалаган чет элдик жарандар визаны электрондук жол менен ала алат. Бул системанын презентациясы бүгүн Тышкы иштер министрлигинде өттү.

«Таза Коом» долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан система туристтик жана жумуш визасын Кыргызстандын элчиликтерине жана консулдуктарына кайрылбастан Интернет аркылуу алганга мүмкүнчүлүк түзөт.

Ал үчүн Evisa.e-gov.kg дареги аркылуу тиешелүү маалыматтарды жөнөтүү зарыл.

XS
SM
MD
LG