Ссылки доступа

Эл аралык уюмдар Түркмөнстанда журналисттерди куугунтуктоону токтотууга чакырышууда


Эл аралык "Хюман Райтс Вотч" укук коргоо уюму (HRW) жана "Адам укуктары боюнча түркмөн демилгеси " Азиянын Олимпиадалык кеңешинен журналисттердин тоскоолдуктарсыз иштөөсүн камсыздоого чакырышты.

Укук коргоо уюмдары Олимпиадалык хартия ММКлардын эркиндигин сыйлоону талап кыларын жана Олимпиадалык кеңештин жетекчилиги адилетсиз түрдө абакта жаткан журналисттерди бошотууга үндөшү керектигин баса белгилөөдө.

Билдирүүдө Түркмөнстанда медиа өтө катуу көзөмөлгө алынганы, чет өлкөлүк ММКларга иштеген журналисттер коркутуп-үркүтүүлөргө кабылып жатканы айтылган. Кайрылууда көз карандысыз журналист Солтан Ачиловага акыркы убактарда бир нече жолу кол салуулар болгону мисал келтирилген.

Түркмөнстандын альтернативдүү жаңылыктар агенттигинин активистти Гаспар Маталаев мажбурлап пахта тердирүү өнөктүгүнө мониторинг жүргүзгөндүгү үчүн жалган жалаа менен абакта отурат. “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы Сапармамед Непескулиев болсо Каспий жээгиндеги көңүл ачуу парктары тууралуу тасма тарткандан кийин маңзат боюнча жасалма иш козголуп, 2015-жылы түрмөгө кесилген.

XS
SM
MD
LG