Ссылки доступа

Өзбекстан Борбор Азия өлкөлөрүнө аймактык саясатын ачыктайт


Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги 11-августта Ташкентте эл аралык уюмдардын катышуусунда “Борбор Азия – Өзбекстандын тышкы саясатындагы башкы приоритет” аттуу конференция өткөрөт.

Уюштуруучулар маалымдагандай, форумда коңшу өлкөлөр менен достук мамилени бекемдөөгө багытталган Өзбекстандын аймактык саясатынын мазмунун жана маңызын коомчулуктун кеңири катмарына жеткирүү пландалууда. Мындан тышкары өзбек тарап Борбор Азиядагы туруктуу өнүгүү жана коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча өз позициясын билдирет.

Иш-чарага парламент депутаттары, Борбор Азия өлкөлөрүнүн талдоочулары, коңшу өлкөлөрдөгү Өзбекстандын элчилери катышат.

XS
SM
MD
LG