Ссылки доступа

Казакстанда кыйноолор үчүн соттолгон полициячыларды актоону сурашууда


Шаршембиде  Батыш-Казакстан облустук сотунда беш полициячынын иши карала баштады. 1-июлда Усть-Каменогорск шаардык соту аларды кыйноолор боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылдан түрмөгө кескен.

Сот өкүмүндө айыпталып жаткан полиция кызматкерлери жабырлануучу Ербол Касеновдун колун аркан менен таңып, ур-токмокко алышканы, полициячынын бирөө анын башына полиэтилен пакет кийгизип думуктурганы айтылат. Мындан улам Ербол Касенов алар талап кылган көрсөтмөнү берүүгө аргасыз болуп, уурулукка барганын моюнга алып, үч жарым жылга кесилген.

Полиция кызматкерлерине өкүм чыккандан кийин облустук прокуратура кыйноолор боюнча далилдер күмөн жаратып жатканын билдирип, шаардык соттун чечимин жокко чыгарууну, тартип сакчыларын бошотууну сураган. Полициячылардын жактоочулары биринчи инстанцияда кыйноо боюнча далилдер көрсөтүлбөгөнүн билдирүүдө.

1-июлда тарип сакчыларына өкүм чыккандан кийин алардын ондогон кесиптештери облустук прокуратуранын алдында нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Бул иш боюнча доо арыз сотто 11-августка чейин каралат.

XS
SM
MD
LG